Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Калык Акиев көч., 66, "Весна" Соода борбору 3-кабат, 6-кеңсе
+996 312 900929 +996 312 900880 +996 557 803880
office@alfatranslation.kg | diralfa1


Башкысы

Тил котормолору, котормочу, англис тилинен орус тилине котормочу - Alfa Translation котормо бюросу , Бишкек, Кыргызстан, апостиль


Тил котормолору

Тил котормолору

"Alfa Translation" активинде дүйнө жүзүнүн 70 тили бар, алардын арасында: англис, казак, француз, немис, испан, италья, голландия, португалия, скандинавия тилдери, КМШ элдеринин тилдери, башка европалык жана чыгыш тилдери.

Жазуу жүзүндөгү котормолор

Жазуу жүзүндөгү котормолор

Дээрлик ар кандай татаалдыктагы жана көлөмдөгү документтерди 70 тен ашык тилге жана тилден кесипкөй, сапаттуу жана тез которууну жүзөгө ашырабыз. Ошондой эле, биз документтерди нотариалдык күбөлөндүрүүбүз.

Оозеки котормолор

Оозеки котормолор

«Alfa Trasnslation» котормо компаниясынан жеткиликтүү жана сапаттуу оозеки котормо 26 тилди камтыйт. Биздин адистердин синхрондуу жана ырааттуу котормосу (анын ичинде эки тараптуу) – Сиздин бизнесиңиздеги ийгиликтин кепилдиги.

Жакындан таанышалы




Башкысы


«ALFA TRANSLATION» котормо агенттиги өзүн Кыргызстандын Бишкек ш.,  мыкты котормолор бюролорунун бири катары көрсөттү. Биз мамлекеттик мекемелер, ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялар,  физикалык жана юридикалык жактар үчүн сапаттуу тил котормолорун аткарабыз. Агенттик иштеген учурдан бери биз 800 миңден ашык бет жазуу жүзүндө жана 10 миң саат оозеки которгонубузду белгилей кетүү маанилүү. Биз менен дээрлик 90 миң адам жана 500 дөн ашык компания кызматташты. Биз Кыргызстанда эле эмес, ошондой эле Казакстанда, КМШнын башка өлкөлөрүндө, Европа, Азия жана ал гана эмес АКШда дагы тил котормолорунун бардык түрлөрүн ишке ашырабыз.

Биздин агенттикте аябагандай көп сандагы котормочулар – 250дөн ашык адам эмгектенет, алар: англис тилинен орус тилине, орус тилинен испан тилине, орус тилинен кытай тилине, түрк тилинен орус тилине ж.б. тилдерге которушат.  Андыктан биз кандай татаалдыктагы болбосун тапшырыктарды аткара алабыз жана эң башкысы бизге 60тан ашык чет тилдер жеткиликтүү.
Биздин компанияда штаттык эле эмес, ошондой эле штаттан тышкары кызматкерлер дагы эмгектенип жаткандыгына көңүл бурсаңыздар болот. Бардык саналып өткөн фактылар биздин кызматтарды сапаттуу жана ишенимдүү кылат. Бизге котормолор менен алектенүү жагат, дал ошон үчүн биз күндөн күнгө биздин компаниянын котормочулук кызматтарынын сапатын жакшыртып жатабыз.

Кызматтардын тармагы

• Биз көркөм тексттерден тарта медициналык макалаларга чейин, анын ичинде документтерди, дипломдорду, техникалык котормолор, тексттерди шашылыш которууга чейинки кайсы гана багыттагы болбосун жазуу жүзүндөгү котормолорду ишке ашырабыз. Биздин адистер сиздер үчүн сапаттуу эле котормо жасоого эмес, ошондой эле редакциялоо жана коррективдөө дагы кылууга даяр. Ал эми акыркы жыйынтыкталган текст түздөн-түз чет тилди алып жүрүүчүлөр тарабынан окулат.

• Биздин агенттик котормолорду нотариус аркылуу күбөлөндүрөт жана  (Apostille) түзүүгө көмөктөшөт
• «ALFA TRANSLATION» адистери оозеки жана синхрондук котормолордун ыкмаларын эң сонун билишет. Сапаттуу синхрондук котормону англис тилин билген эле котормочулар эмес, ошондой эле испан, кытай, француз жана башка көптөгөн тилдерди билген котормочулар дагы ишке ашырышат. Сиз  синхрондук котормого эле ээ болбостон, ошондой эле  синхрондуу котормо үчүн ижарага жабдуу дагы ала аласыз.

 • Биз сайттарды, программаларды жана тиркемелерди которобуз жана ыңгайлаштырабыз, ошондой эле чет тилде жазылган аудио- жана видео-файлдарды дагы чечмелеп беребиз.

Сапатты көзөмөлдөө

Тексттин көлөмү жана татаалдыгына карабастан тапшырык жөнөкөй котормодон тарта бир канча жолу редакциялоого чейинки иштеп чыгуунун бардык баскычтарынан өтөт. Мунун бардыгы биздин тапшырык берүүчүбүз акыркы документти жогорку сапатта ала тургандыгына кепилдик берет. Кандай гана татаалдыктагы котормо болбосун бизге ишенип берүү менен сиз сапаттуу, так, толук жана башкысы сапаттуу текстке ээ болосуз.

Эсиңизде болсун, биздин компанияда бир канча жогорку билими бар (лингвистикалык жана техникалык) гана кесипкөй адамдар иштешет. Дал ошон үчүн биз мейли ал ресторандын менюсу же илимий макала болбосун бардык тематикаларды ала беребиз.

 «ALFA TRANSLATION» - тез, кымбат эмес, сапаттуу жана ыңгайлуу

Суткасына биздин кызматкерлер 15 барактан  баштап которо алышат. Бирок алдын ала даярдалса – 400дөн башталат. Албетте бул сапатка зыянын тийгизбейт.

 

 «ALFA TRANSLATION» айдан ачык артыкчылыктарына карабастан,  биздин бааларыбыз бүткүл Кыргызстан боюнча эң эле демократиялуу. Андан тышкары сиз котормо кызматтары үчүн түз эле биздин кеңседен же кайсы гана болбосун банктан төлөй аласыз.

Биздин котормо бюросу менен кызматташуунун артыкчылыктары айдан ачык:

• Ар бир котормочу бул тармакта 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатат;
• Биз максималдуу жогорку ылдамдыкка жана котормолордун кынтыксыз сапатына кепилдик беребиз.

• Эгерде сиздин тапшырыгыңыз тематикалык жактан татаал болсо, анда мындай котормо үчүн кошумча төлөм жалпы баанын 10 пайызын гана түзөт;

 

• «ALFA TRANSLATION»  иш күндөрү саат 9:00 дөн 18:00гө чейин,  ал эми ишембиде саат 9:00 дөн 14:00гө чейин иштейт;
• Сиз котормого өз кеңсеңизден чыкпастан Интернет аркылуу тапшырык бере аласыз;
• Курьердик кызмат Кыргызстандын бүткүл аймагында иштейт.